Азербайжан жикчил Тоолуу Карабактын борбору Ханкенди (армяндар Степанакерт дешет) шаарында аскердик парад өткөрүүгө камданууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, иш-чара 8-ноябрда өтөт. Бул күнү Азербайжанда "Экинчи Карабак согушундагы Жеңиш күнү" белгиленет.
Парадга президент Илхам Алиев өзү катышары күтүлүүдө. 15-октябрда Алиев Ханкендиде өз өлкөсүнүн туусун көтөрүп, аймак толугу менен Азербайжандын көзөмөлүндө экенин ишарат кылган.
Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.
Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.
2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.
Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак Республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.
Дагы караңыз
Аалымдар кеңеши Палестинадагы жихадга чакырбоону эскертти Жогорку Соттун төрагасы системаны тазалоо иши уланарын айттыГазада БУУнун 88 кызматкери набыт болду