Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:50

Жогорку Соттун төрагасы системаны тазалоо иши уланарын айтты


Сот органдарындагы жемкорлук маселеси Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Жалал-Абадда жергиликтүү судьялар жана алардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмесинде көтөрүлгөнүн мекеменин басма сөз кызматы 6-ноябрда билдирди.

“Базарбеков мыйзам талаптарын жана нормаларын так сактоо зарылдыгына токтолуп, соттордун коррупцияны алдын алуу жана процессуалдык мыйзам бузууларды жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле сот тутуму өзүн-өзү тазалоо ишин улантарын белгиледи. Төрага сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иштөөнү күчөтүү боюнча тынымсыз аракет көрүүнү тапшырды”.

Кеңешмеде Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев Судьялар кеңешине ыйгарым укуктарынан баш тартуу туурасында арыз жазганы белгилүү болду.

Соңку бир айда пара талап кылууга шек саналып Бишкекте бир нече сот кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот системасындагы коррупциялык фактыларды аныктоо жүрүп жатканын кабарлады.

Эл аралык республикалык институттун быйыл июлда жарыяланган изилдөөсүндө сурамжылоого (1500 адам) катышкандардын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилешкен.

13-октябрда Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы жергиликтүү соттордун жети судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш жөнөтүлгөнүн билдирген. Алардын бешөө боюнча сунуштаманы Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков берген.

Жогорку Соттун маалыматына караганда, аталган мекеменин төрагасы судьяларга карата чара көрүү боюнча “рекорддук санда” сунуш берген жетекчи болууда. 2022-жылдан бери ал 28 судья боюнча 19 сунуштама бергени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG