Аэропортко бараткан жолдо автожарыш уюштургандарга кылмыш иши козголду

Видеодон алынган скрин.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан көчөдө автожарыш уюштуруп, жолду тоскондорго кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 6-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айылында жарандар автоунаа жарышын өткөрүү үчүн жол тоскону, милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей жатканы жана аларга таш ыргытканы боюнча билдирүү түшкөн.

Бул фактыны Сокулук райондук милициясы ошол күнү каттоого алып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында бул окуяга катышкандар жана тиешеси барлар суракка алынды. Күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Милиция канча киши кармалганын тактаган жок.

5-ноябрда Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо автоунаа жарышына келгендер милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, ортодо жаңжал чыкканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Дагы караңыз

Bloomberg: Орусия Ливияда аскер базасын жайгаштырышы мүмкүн БУУ менен ДССУ Газадагы ок атышууну чукул токтотууга чакырдыАба ырайы: күн ачык болотАймактык реформа: айылдарды ирилештирүү долбоорлору даярдалды