Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Bloomberg: Орусия Ливияда аскер базасын жайгаштырышы мүмкүн


Ливиянын желеги, иллюстрациялык сүрөт.
Ливиянын желеги, иллюстрациялык сүрөт.

Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып, Ливияда Орусиянын аскердик базасы жайгашуусу мүмкүн экенин, эки өлкө бул жаатта сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жазды.

Агенттиктин ырасташынча, макулдашууну даярдоо Ливиянын армиясынын кол башчысы Халиф Хафтар сентябрь айынын аягында Москвага барып Владимир Путин менен жолуккандан кийин эле башталган.

Келишимдин алкагында Орусия өзүнүн аскердик кемелерин Жер ортолук деңиздин жээгине такай жайгаштырууга укук алат, ошондой эле бир канча базаны колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Москва Ливияга анын ордуна абадан коргонуучу системаларды берет. Ошондой эле орусиялык инструктурлор ливиялык учкучтарды жана атайын даярдыктагы жоокерлерди окутуп, машыктырат.

АКШнын Ливиядагы мурдагы атайын чабарманы Жонатан Уайнер Bloomberg жарыялаган маалыматка комментарий берип жатып, америкалык бийлик ага "өтө олуттуу мамиле" жасарын билдирди.

"Эгер Орусия Жер ортолук деңиздеги портторду колдонууга мүмкүнчүлүк алса, бул аларга жалпы Европа Биримдигине тыңчылык кылууга жол ачылат",-деп айтты Уайнер.

Бул маалымат тууралуу Орусия менен Ливия комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG