Аймактык реформа: айылдарды ирилештирүү долбоорлору даярдалды

Өкмөт тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды. Анда президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды ирилештирүү долбоорлору менен тааныштырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, бул реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.

"Айыл аймактарын ирилештирүү долбоорлорун жергиликтүү тургундар талкуулады жана айылдык кеңештердин депутаттарынын кароосунан өттү. Долбоорлор тааныштырылгандан кийин өкмөт башчысы жактырып, сын-пикир, алымчалап-кошумчалоо жагы айтылды. Жакынкы убакта административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде 2024-жылы 1-апрелге чейин ишке ашыруу тууралуу президенттин жарлыгын чыгаруу каралып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңешти бир катар депутаттар аймактык реформа маселесин көтөрүп, айыл-кыштактарды ирилештирүүдө элдин, парламенттин пикири эске алынышы керектигин билдирген. Айрым аймактарда буга байланыштуу нааразылык дагы айтыла баштаган.

Аймактык реформа буга чейин Нарын менен Ысык-Көлдүн Түп районунда башталган. Анын негизинде Нарында 63 айыл өкмөтү ирилешип, 27ге чейин кыскарган. Түптө 13 айыл өкмөтү бешке чейин азайган.

2022-жылы ноябрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түптөн башталарын билдирген.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына” былтыр октябрда кол койгон жана Министрлер кабинетинин бул багыттагы жыл башында жүргүзө турган иш планын бекиткен. Анда аймактык реформа жүргүзүү маселеси да каралган.

Дагы караңыз

Анталияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылдыКадыровдун өспүрүм уулу коопсуздук кызматында бөлүм башчы болду ӨКМ тойканаларга өрт коопсуздугун сактоо тууралуу эскертип жатат Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болду"Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун баш байгесин алды БУУ Газадан 1,5 миллиондой адам аргасыз жер которгонун билдирди Непалда жер титирөөдө мерт болгон адамдардын саны 150дөн аштыАкылбек Жапаров каналдарга чакан ГЭС курууга шарт түзүүнү тапшырды