Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-ноябрда Чүй каналына чакан ГЭС куруу пилоттук долбоорунун ачылышына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.
"Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди. Ал аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан Исхак Раззаков атындагы техникалык университетке караштуу "КОНАС" илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирди",-деп жазылган маалыматта.
Энергетика министрлиги 2021-жылы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген. Буга чейин министрлик өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген.
Соңку жылдары энергетикадагы тартыштыкты жабуу үчүн Бишкек Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алып жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Орусиядан 875 млн кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Орусиялык “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергетикалык системасы аркылуу апрелден тартып Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштаган.
Кыргызстанда 2021-жылы 15,1 млрд. кВт/саат электр тогу чыгарылса, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түздү.
2023-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,2 млрд кВт/саат көлөмдү түзөт деп болжолдонуп жатат.
Быйыл Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд кубга көп болчу.