Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Анталияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды


Анталиядагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын ачылышы.
Анталиядагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын ачылышы.

Түркиянын Анталияда шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды. Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Анталия облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат баштаган адамдар, жергиликтүү тургундар катышты.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, элчи Казакбаев сөз сүйлөп, "дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Айтматовдун улуулугун белгилеп, анын атындагы китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын белгиси экенин айтты".

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюстун ачуу аземи да болду.

Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары эң көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайрадан басылып келет.

XS
SM
MD
LG