Аба ырайы: айрым аймактарда түнкүсүн жаан жаайт

Кыргыз гидромет борбору билдиргендей, 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, 0…-2 (үшүк), күндүз 13…18;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 -1…-3 (үшүк), күндүз 12…13;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 2…7, күндүзү 15…20;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, 0…-2 (үшүк), күндүз 10…15;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мумкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 1…3°, күндүз 16…18° градус жогору болот.

Дагы караңыз

Байден Украина эске алынбай, Израилге жардам берүү каралган долбоорго вето коетБишкекте акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өтөт Орусияда теракт даярдоого айыпталган тажик жараны 12 жылга кесилди "Вефанын" мурдагы ээсинин юристтери жаңы жагдайлар жөнүндө билдирүү жасады