Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

"Вефанын" мурдагы ээсинин юристтери жаңы жагдайлар жөнүндө билдирүү жасады


“Вефа” соода борборуна мурда ээлик кылган “Аруу Жылдыз” компаниясынын жана аны менен кызматташып жаткан ILF A&A эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрү. 1-ноябрь, 2023-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
“Вефа” соода борборуна мурда ээлик кылган “Аруу Жылдыз” компаниясынын жана аны менен кызматташып жаткан ILF A&A эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрү. 1-ноябрь, 2023-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкектеги “Вефа” соода борборуна мурда ээлик кылган “Аруу Жылдыз” компаниясынын жана аны менен кызматташып жаткан ILF A&A эл аралык юридикалык компаниянын өкүлдөрү 1-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, соттук иштеги жаңы жагдайлар жөнүндө билдирүү жасашты.

ILF & A& компаниясынын юристи Нурлыбек Султан Нусипжанов Түркиянын "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы “Аруу Жылдыз” компаниясына өз убагында ишеним катка таянып, “Вефаны” сатканын билдирет. Анын белгилешинче, соттошуу учурунда "Өзгүн Иншааттын” өкүлдөрү бул каттын “күчү жок экенин” айтып келишкен.

Нусипжанов алар бул документти Түркиянын жалпы реестринен таап чыгышканын, ал юридикалык күчкө ээ экенин, тескерисинче түрк компаниясы келтирген документтерге кол койгон сот Түркиянын соттук системасында жок болуп чыкканын тактады.

“Аруу Жылдыз” компаниясынын директору Умсун Назарбекова 30-октябрда кыргыз бийлигине кайрылып, дээрлик жети жылдан бери иштетип келген бизнесинен айрылып калуу коркунучунда турганын айткан. "Өзгүн иншаат" акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлү Вэси Изатов жана соода борбордун башкы директорунун милдетин аткаруучу Хакан Каракаш соңку кырдаалга комментарий берүүдөн карманып турарын билдиришкен.

Бишкектеги "Вефа" соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы 2006-жылы курган. 2016-жылы февралда “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясы мүлктү ага өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошентип, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, “Гүлен” кыймылына таандык ишкерлердин мүлктөрүнүн катарында “Өзгүн иншаат” компаниясы да түрк бийлигине өткөрүлгөн.

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын июлунда түрк өкмөтүнө карап калган "Өзгүн Иншаат” компаниясы “Вефа” соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. "Аруу Жылдыз" менен болгон алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2023-жылдын 12-майында “Вефа” соода борборунун 2017-жылдагы алып-сатуу келишимин мыйзамсыз деп таап, мүлктү "Өзгүн Иншаат” компаниясына өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Ушул эле чечимди 25-июлда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

“Аруу Жылдыз” компаниясы Жогорку Сотко даттанган. Анда алгачкы отурум 23-октябрда болгон. Компаниянын адвокаттары Түркиядан бир топ документтерди алып келгендиктен, ишти кароо 2-ноябрга жылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG