Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:23

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өтөт


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Бүгүн, 1-ноябрда белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өтөт. "Жарты кайык" деген аталышта өтө турган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

Уюштуруучулардын бири Кундуз Качкынбаеванын "Азаттыкка" айтымында, акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары жаңырат жана эскерүү кечеси театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот.

Бул кечени утурлай Ажыматовдун "Доско кат" жана "Датасы жок күндөр" китеби 600 нуска менен кайра басылып чыкты. Бул күнү Зайырбек Ажыматов атындагы фонд эки жаш акынга жана бир журналистке сыйлык тапшырат. Аларды атайын комиссия тандаган.

Акынды эскерүү кечесине маркумдун замандаштары, акын-жазуучулар чакырылды. Каалоочуларга кирүү акысыз.


"Азаттык" радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен "Жалгыздык" (1996-ж.), "Мелмил" (2005-ж.), "Нөлү көп жылдар" (2011-ж.), "Жүрөктөгү бороон" (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт. Ажыматовдун чыгармачылыгында мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. Ал каза болгондон кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты негиздеген. Сыйлык жыл сайын маркумдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган акынга ыйгарылат. Быйыл 29-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүндө анын эстелиги орнотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG