Сот аткаруучулар кызматынын Кара-Суу райондук бөлүм башчысы кармалды

Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысы жана аны менен чогуу кармалган кызматкер. УКМК тараткан сүрөт.

Сот департаментинин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысы (М.К.) жана “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын кызматкери (О.А.) конфискацияланган товарларды сатууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу 1-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 27-июлунда аткезчилик жол менен алып келинген 24 738 кг салмактагы “Serbetli” аталышындагы, болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен сүйлөшүп алып, ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

18-октябрда жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, товарлардын реалдуу базар наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, өздөрү ири суммадагы акчалай сый акы алып алышкан.

Кармалган адамдарга Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштар менен айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ErN)

Дагы караңыз

"Кыргызкөмүрдүн" мурдагы жетекчиси кайра камакка алынды"Акмарал" бий ансамблинде "чоңсунуу" барбы?Бала бакчаларда тамак берүү ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт