Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

"Кыргызкөмүрдүн" мурдагы жетекчиси кайра камакка алынды


Көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана анын кеңешчиси Турсунбай Шарапов соттун чечими менен дээрлик бир айга камакка алынышты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Азаттыкка” билдиргендей, 31-октябрдагы отурумда аларды 4-декабрга чейин камакка алуу тууралуу өтүнүч канааттандырылды.

Мындай өтүнүч менен сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсүнү кайрылган.

Шектүүлөр Бишкектин тергөө абагына камалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” беренелеринин негизинде айып коюлуп жатканы белгилүү болду.

Ашырбаевдин тарапкерлери ага каршы арызды Энергетика министрлиги жазганын айтып жатышат, ал эми аталган мекеменин басма сөз кызматы андай арыз болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

54 жаштагы Ашырбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси болуп быйыл үч айдай иштегенден кийин сентябрь айында кызматтан кеткен.

Ал аталган мамлекеттик ишкананы 2018-2021-жылдары да башкарган. 2021-жылы август айында кармалып, кийин коё берилген. Ошондо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал Кара-Кече кенинен казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыпталып жатканын, казылган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөнүн маалымдаган.

Жетекчиси кармалганда “Кыргызкөмүрдүн” ошол кездеги эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, “туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү” өтүнүшкөн жана Ашырбаев “өндүрүштөгү жана көмүр кениндеги коррупцияны жоюуга колунан келишинче салым кошконун”, “тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып, ишти резонанс үчүн жүргүзүп жатканын” айтышкан. Бул иш боюнча тергөө аяктай электигин Ашырбаевдин тарапкерлери билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG