Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Бала бакчаларда тамак берүү ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт


Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Финансы министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Анын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат.

Бул кандай ишке ашат, бала бакчага төлөнчү акча жогорулайбы, жокпу - азырынча айтыла элек. Буга чейин балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымын жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келген.

Социалдык тармактарда бала бакчалардагы тамак-аш үчүн эми ата-энелер төлөй турганы жөнүндө маалыматтар тараган.

Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги - социалдык орчундуу маселелердин бири. Быйыл үй шартында бала бакча ачып иштетем дегендерге талаптар жеңилдетиле баштады. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда 199 миңдей бөбөк тарбияланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG