Аскат Алагөзов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Аскат Алагозов

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Аскат Алагөзов мамлекет башчынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Бул кызматты аркалап келген Эрбол Султанбаев президенттин 31-октябрдагы жарлыгы менен Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды.

39 жаштагы Аскат Алагөзов кесиби боюнча журналист. Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүндө иштеп келген. Ага чейин "Пирамида" медиахолдингин жетектеген. (КЕ)

Дагы караңыз

"Уулумду өгөй атасы кордоп, качып кетти". Жалгыз бой эненин муңуБишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кеткени кабарландыУкраинадагы согушта Поволжьеден чыккан 7 миңден ашык аскер каза болду Чечен активисти Мовлаев УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди