Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Чечен активисти Мовлаев УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди


Мансур Мовлаев, чеченстандык активист. Бишкек шаардык соту. 31-октябрь, 2023-жыл.
Мансур Мовлаев, чеченстандык активист. Бишкек шаардык соту. 31-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстанда кармалып, камалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди.

Ал бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда апелляциялык арыздар боюнча соттук отурумдун башында айтып үлгүрдү.

"Урматтуу судья, мени тергөө абагында кыйнап жатышат. Мени соттон баш тартууга мажбурлап жатышат".

Мовланов сөзүн аягына чыгара алган жок. Соттук коллегиянын төрагасы отурум жоопкер тараптын апелляциялык арызы сот өндүрүшүнө келе электигин айтып, жараянды 16-ноябрга дайындады.

Адвокат Бакыт Автандил Мансур Мовлаевдин билдирүүсү боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрыларын журналисттерге жараяндан кийин маалымдады.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, чечен президентин сындап келген активист Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан. Быйыл августта Кыргызстандын коопсуздук кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Коопсуздук кызматынын маалыматында 28 жаштагы Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөөгө шек саналып жатканы жазылган. Мекеме ошондой эле ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнүн кошумчалаган.

Мовлаевге "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү" беренеси менен айып тагылып, 4-октябрда ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аягында мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган.

Активист соттогу акыркы сөзүндө Чеченстанга депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе дагы бул жакта жазасын өтөөнү суранган. Апелляциялык арызда да кылмыш беренесиндеги эң жогорку жаза - эки жылга эркиндигинен ажыратуу суралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG