Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди

"Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка - Төө-Ашуу постунда жүк ташыган автоунаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, азырка тапта Бишкек - Ош жолунда кар жаап, 124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.

Кыргыз гидромет борбору 31-октябрь - 2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрө турганын эскерткен. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. (КЕ)

Дагы караңыз

“Эмарк Групптун” башчысынын камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узардыИИМ министрликтердин биринин кызматкерин маңзат жасоого шек санап кармады Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайтМахачкаладагы тополоң: АКШ Москванын Киевди айыптоосун "абсурд" деп атады