Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:02

“Эмарк Групптун” башчысынын камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узарды


Чолпонбек Акматов
Чолпонбек Акматов

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узартылды. Ишкердин бөгөт чарасы 30-октябрда каралганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов 12-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу") негизинде айыпталган.

Анын алдында Октябрь райондук соту “Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал да “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга” айыпталууда.

Ушундай эле айып менен “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев кармалып, 4-ноябрга чейин камалганы 9-октябрда белгилүү болгон.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

ЖИА бизнес-ассоциациясы соңку учурда ишкерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда уюм ишкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо боюнча саясатты колдой турганын, бул жаатта президенттин бир катар жарлыктары чыкканын белгилеген.

Кайрылууда соңку күндөрү орун алган ишкерлерди камоо иштери улана турган болсо, өлкөдө бизнес активдүүлүк төмөндөп, инвестиция сыртка агылышы мүмкүн экени эске салынган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG