Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Махачкаладагы тополоң: АКШ Москванын Киевди айыптоосун "абсурд" деп атады


Махачкала аэропорту. 29-октябрь, 2023-жыл
Махачкала аэропорту. 29-октябрь, 2023-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Махачкаладагы окуяларга «Батыштын тыңчылары аркылуу Украинанын аймагынан шыкак беришкен» деп билдирди. Мындай оюн ал 30-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында ортого салды. Телеканалдар көрсөткөн сөзундө Путин АКШ жана Батыштын калган мамлекеттерин Жакынкы Чыгыштагы жанжалды тутандырган деп айыптады.

“Свобода” радиосу жазгандай, президент Палестинага жардам берүү үчүн Украинадагы согушка барса болорун айтты. Анын пикиринде, дал ошол жакта Орусиянын гана эмес, Палестинанын тагдыры чечилүүдө.

Ал эми Махачкаладагы тополоң тууралуу Путин дээрлик эч нерсе айтпастан, “жарандардын укуктарын коргоо”, улуттар аралык ынтымакты сактоо чараларын талкуулоону сунуш кылды.

Дагестандын башкалаасында жекшембиде болгон окуяларга Киев же Батыштын атайын кызматтары аралашкан деген далилдерди Путин келтирген жок. Ал дүйнөдөгү жаңжалдардын, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардын артында АКШ турганы түшүнүктүү деп бир нече жолу кайталады.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер Дагестандагы антисемиттик тополоңго Украинанын тиешеси бар деген Орусиянын айыптоосун четке каккан. Ал Путиндин эмес, ага чейин орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын комментарийне жооп кайтарган. Захарова "Махачкаладагы окуяларды сырттан пландоодо Киев режими негизги ролду ойногон" деп айткан. Миллер ал билдирүүнү “абсурд” деп атады.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган.

Түндүк Кавказдагы жумурияттын башчысы Сергей Меликов аэропорттогу тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун, айыптуулар жазасын аларын дүйшөмбүдө билдирди.

XS
SM
MD
LG