Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) израил аскерлерин жана ХАМАСтын согушкерлерин "токтоосуз бекем, туруктуу гуманитардык тынчтыкка чакырган " резолюциясын Кыргызстан кубаттап добуш берди.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын Твиттердеги баракчасында резолюцияга 120 өлкө макул, 14 өлкө каршы добуш берген. Бир канча өлкөлөр калыс турумду карманса, айрымдары добуш берген эмес.
Резолюцияда БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналык жана израилдик жай тургундарга зомбулукту айыптай турганы жазылган. Согуштук аракеттерди тезинен токтотуу, гуманитардык тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырык жасалган.
Документти Тель-Авив сынга алып, "осол" деп атады.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.
ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынып, айрымдары гана бошотулду. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка чакырган.
ХАМАС АКШ жана Европа Биримдигинде "террордук уюм" деп таанылган.(ZKo)
Дагы караңыз
Казакстандагы шахтада набыт болгондордун саны 21ге жеттиБишкекте Газанын тургундарын колдогон акция уланды27 млн сомго шарпка жана кутурмага каршы вакцина сатылып алынатИзраил БУУнун тынч сүйлөшүүгө чакырган резолюциясын сындады