Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

27 млн сомго шарпка жана кутурмага каршы вакцина сатылып алынат


Ылаңдаган мал. Иллюстрациялык сүрөт
Ылаңдаган мал. Иллюстрациялык сүрөт

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринария кызматы шарп жана кутурмага каршы вакцина сатып алууну көздөөдө.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, шарпка каршы 787 878 доза вакцина, ал эми кутурмага каршы 45 455 доза сатып алынат.

Бул эки илдетке каршы вакцинаны сатып алууга министрликтин бюджетинен 26 млн 999 984 сом бөлүнөт.

Кыргызстанда акыркы убактарда кутурма илдети жайылганы кабарланган. Жаныбарлардан кишилерге жуккан учурлар катталган. Октябрь айынын башында Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин чарчап калган.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга байланыштырып, Орусия, Казакстан эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан учурлары бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG