Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:00

Израил БУУнун тынч сүйлөшүүгө чакырган резолюциясын сындады


Гилад Эрдан
Гилад Эрдан

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Израил аскерлерин жана ХАМАСтын согушкерлерин "токтоосуз бекем, туруктуу гуманитардык тынчтыкка чакырган " резолюциясын Тель-Авив "осол" деп атады.

Иордания сунуштаган резолюцияны БУУдагы 120 өлкө, анын ичинде Орусия да колдоду. 14 өлкө - Израил, АКШ, Австрия, Венгрия, Хорватия, Чехия, Гватемала, Парагвай жана Океаниядагы Австралия баштаган алты өлкө каршы добуш берди. 45 өлкө калыс калганын билдиришти. Бир нече өлкө добуш берүүгө катышкан жок.

Добуш берүүдөн кийин Израилдин БУУдагы өкүлү Гилад Эрдан Улуттар Уюму мындан ары легитимдүү болбосун айтып, аны "зулумдуктун мындан ары күчөшүн камсыздоого аракет кылат" деп айыптады. Анын сөзүнө караганда, ХАМАС менен эч кандай сүйлөшүү жана талкуулар болушу мүмкүн эмес. "Израил радикал топтун мындан ары да зулумдук кылышына жол бербейт" деп белгиледи Эрдан.

Израил өкүлү зомбулукту токтотууну каалагандар ХАМАСты куралын таштап, багынып берүүгө жана барымтадагыларды бошотууга чакырууга тийиш экенин кошумчалады.

ХАМАСтын колунда 7-октябрь күнү Израилге чабуул учурунда кармалган 200дөн ашуун киши барымтада турат.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн БУУнун резолюциясын "осол" (позорный) деп атап, "Израил ХАМАСты ИГИЛ сыяктуу эле жок кылууну көздөп турганын" билдирди.

БУУнун резолюциясы юридикалык күчү жок, бирок бул БУУнун ХАМАС Израилге чабуул жасагандан берки алгачкы жообу. Мурдараак уюмдун Коопсуздук Кеңеши Израил-ХАМАС боюнча төрт жолу консенсуска келе алган эмес.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.

ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС АКШ жана Европа Биримдигинде "террордук уюм" деп таанылган.

XS
SM
MD
LG