Баткен: чек арадагы дүкөн аткезчилик менен алектенгени аныкталды

УКМК тараткан сүрөт.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш “Худжанд-Жаштык-Канибадам” автоунаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампасын текшерген учурунда айрым товарлардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 28-октябрда билдирди.

Кампадан 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү алынды.

Атайын кызмат кабарлагандай, кампаны текшерүү чек арадагы аткезчиликти тыюу иштеринин алкагында күч түзүмдөрү, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы менен чогуу жүргүзүлгөн. Учурда кармалган товардын баасы саналып, кылмыш ишин козгоого багытталган кошумча чаралар көрүлүп жатат.

20-июлдагы өкмөттүн отурумунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде күйүүчү майлардын аткезчилиги 100 пайыз токтогонун билдирген.

2021-жылы Баткенде 28-30-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (JsA/ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолордо кар жаайтБишкек шаарына 31-октябрда жылуулук берилетКыргызстан Израил-ХАМАС боюнча БУУнун резолюциясын колдодуКазакстандагы шахтада набыт болгондордун саны 21ге жетти