Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Бишкек шаарына 31-октябрда жылуулук берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор калаада жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштайт.

Мындай жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакча, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө кое берилет.

Борбор калаага жылуулук жыл сайын абанын температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо берилет.

Былтыр Бишкекте жылуулук берүү 26-октябрда башталган.

Мурдараак Бишкек жылуулук энергетикалык борбору (ЖЭБ) менен “Бишкек жылуулук тармагы” биригип, жаңы - "Бишкек шаардык жылуулук электр системаларынын борбору" деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлөрү кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG