29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/c.
Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.