28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/c. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 °, күндүз 20…22 ° жылуу болот.
Дагы караңыз
Бишкекте үч бала өрттөн куткарылдыГрузияда жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоо маселеси талкууланды Кыйноолорду алдын алуу борбору интернаттагы укук бузууларды аныктадыОрус армиясы Изюмдагы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урдуЖапаров Борбор Азияда суу-энергетика ресурстарын компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштады