Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Орус армиясы Изюмдагы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урду


Орусиянын армиясы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урду. 27-октябрь, 2023-жыл. Изюм.
Орусиянын армиясы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урду. 27-октябрь, 2023-жыл. Изюм.

Орусиянын армиясы 27-октябрга караган түнү Украинанын Изюм шаарындагы Өрт өчүрүү кызматынын имаратына сокку урду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

"Нөөмөттө турган сегиз киши жараат алды. Алардын төртөө ооруканага жеткирилди", – деп тактады Харьков облустук администрация башчысы Олег Синегубов. Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга ылайык, сокку С-300 зениттик-ракеталык комплексинен жасалган.

Клименко кошумчалагандай, чабуул Харьков облусунун Өрт өчүрүү кызматынын 200 жылдыгы белгиленип жаткан күнү болгон.

27-октябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын “Шахеддер” жана "Искандер-М" ракеталары менен аткылоону улантты. Украин күчтөрү Херсон жана Николаев облустарында беш дронду абадан атып түшүргөнүн билдирдм.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG