Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Жапаров Борбор Азияда суу-энергетика ресурстарын компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштады


Киров суу сактагычындагы быйыл жайындагы абал.
Киров суу сактагычындагы быйыл жайындагы абал.

Кыргызстан Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу 26-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров 26-октябрда Кз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Жапаров белгилегендей, кыргыз өкмөтү мындай механизмди түзүүнү сунуштайт жана бул идеясын илгерилетет.

“КМШга мүчө саналган, дүйнөлүк океанга чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрү трансконтиненталдык транспорттук коридорлордун чегинде жайгашып, Европага, Перс булуңуна, Индия жана Тынч океандарына кыйыр жолго ээ болуу менен кеңири транспорттук-коммуникациялык тармактарга ээ. Бул алардын регионалдык соода хабына айланууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Бул максатка жетүү үчүн эл аралык автомобиль жана темир жолдорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзит үчүн инфраструктураны модернизациялоо маанилүү”, - деди Жапаров.

Аймактагы суу ресурстарынын 40% жакынын Кыргызстандагы суулар түзөрүн, аймакты суу менен камсыз кылууда кыргыз тарап өз жоопкерчилигин сезе турганын 13-октябрда КМШнын президенттеринин жыйынында мамлекет башчысы Садыр Жапаров да белгилеген.

Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.(RK)

XS
SM
MD
LG