Катарда сот индиялык сегиз жаранды өлүм жазасына өкүм кылды

Катардын борбору Доха шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Катарда сот тыңчылыкка шек саналган индиялык сегиз жаранды өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу бейшембиде, 26-октябрда Индиянын өкмөтү кабарлады жана "соттун чечими аларды өтө нес кылганын" билдирди. Дели бул өкүмдү Катардын бийлиги менен талкууларын белгиледи.

Катардагы жергиликтүү журналисттердин маалыматына караганда, айыпталуучулар жеке компанияда иштеп жүргөн жана тыңчылыкка шек саналып былтыр августта камалган.

Эки өлкө тең бул окуя тууралуу буга чейин расмий, ачык маалымат берген эмес.

Reuters агенттигинин билдиришинче, кармалгандардын баары Индиянын аскер-деңиз флотунун мурдагы офицерлери болгон.

Индия өкмөтү тараткан билдирүүдө "териштирүү жашыруун сыр болгондуктан" бул иш тууралуу азырынча кандайдыр бир комментарий берүү максатсыз экени айтылат.

Катарда жалпысынан 800 миңден ашык индиялык жаран эмгектенет.

Дагы караңыз

Кесиптик кошуундар федерациясынын мүлкү: 27 кылмыш иши тергелип жататСадыр Жапаровдун коррупцияга шек саналган иниси үй камагына чыкты Өкмөт "Тез жардамда" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү карап жататУКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирдиАдахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду