Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Өкмөт "Тез жардамда" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Тез жардам" кызматында дарыгерлер, адистер таңкыстыгы бар экенин билдирди. Ал 26-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Кубанычбек Самаковдун суроосуна жооп берип жатып, учурда 726 бригада бар экенин, маянанын аздыгынан кызматкерлер келбей жатканын айтты. Өкмөт "Тез жардамда" иштегендердин айлыгын жогорулатуу маселесин карап жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарында "Тез жардам" кызматында иштегендер 1-августта Саламаттык сактоо министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы аз экенине даттанган. Алардын бири "үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин" айтып чыккан. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн кийин кайра тарап кеткен.

"Тез жардам" борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлер кепилденген айлыгын алып жатканын, кошумча эмгек акыларды үнөмдөөдөн ашкан акчанын коэффициентин да алып жатканын тактаган. Ал жайкы мезгилде кошумча төлөмдөр азайып кетерин, жумуштагы сааттар аз болсо, акча да азыраак чыгып каларын белгилеген.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 2023-жылдын май айынын жыйынтыгында 21 302 сомду түздү. Тиешелүү айга салыштырганда, бул сумма 2020-жылы 10 614 сом, 2021-жылы 11 341 сом, 2022-жылы 20 789 сом болчу.

XS
SM
MD
LG