Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирди


Камчы Көлбаевге таандык делген асыл тукум жылкылардын бири. Сүрөт УКМКга тиешелүү. 16-октябрь, 2023-жыл.
Камчы Көлбаевге таандык делген асыл тукум жылкылардын бири. Сүрөт УКМКга тиешелүү. 16-октябрь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергеп жаткан кылмыш иштин негизинде 4-октябрдагы атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) акчасына сатылып алынды деген 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирди.

Мекемелер аралык баалоо комиссиясы алардын жалпы баасын 79 790 000 сом деп эсептегенин маалымдады.

"Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлкү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат",-деп жазылган маалыматта.

УКМК ушул айдын башында Көлбаевдин жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынганын кабарлаган.

Атайын кызматы Көлбаевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган. Анда “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалганын билдирген.

Ошондой эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы бир миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.

Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган.

XS
SM
MD
LG