Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Анда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева аталган мекеменин Бишкек, Ош шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мүлктөрүнө байланыштуу жалпысынан 34 кылмыш иши козголгонун, учурда анын 27си тергелип жатканын билдирди.
"Козголгон 34 кылмыш ишинин төртөө өндүрүштөн кыскартылып, бир кылмыш иши убактылуу өндүрүштөн токтотулган жана эки кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Калган 27 кылмыш ишине байланыштуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат".
Депутаттык комиссиянын төрагасы Шайлообек Атазовдун ырасташынча, өлкөнүн эгемен тарыхында Кесиптик кошуундарга таандык 300дөй мүлктүн теңинен көбү менчиктештирилип кеткен. Учурда 134 объект кана калган.
Өткөн айда президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин кескин сынга алып, Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүүнү тапшырган. Мекеменин жетекчилиги анда айрым дооматтарды четке каккан.
Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн мүлккө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турган. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын таасири азайган.
Соңку бир нече жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.
Дагы караңыз
Өкмөт "Тез жардамда" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү карап жататСадыр Жапаровдун коррупцияга шек саналган иниси үй камагына чыкты УКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирди