Ташиев тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-октябрда Фейсбуктагы баракчасына туунун өзгөрүшүн колдой турганын жазды.

“Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек”, - деп жазды Ташиев.

Бир күн мурда президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде билдирген.

Ал азыркы туу боюнча коомчулукта “күн карамага окшош, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер айтылып келгенин” айткан.

Өткөн айдын аягында Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган, тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени жазылган.

Демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов мыйзам долбоорун сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Дагы караңыз

Пашинян Баку менен тынчтык келишимине жетүүгө үмүтүн билдирдиКемпир-Абад иши: Вашингтондо активисттер камактагыларды бошотууну талап кылды УКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүрүүгө шектүү изделүүдө