Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүрүүгө шектүү изделүүдө


Кызыл-Кыя шаары.
Кызыл-Кыя шаары.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында адам өлтүрүүгө шектүү изделип жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 25-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда пикир келишпестиктен улам 27 жаштагы И.У. ок атуучу курал менен 32 жаштагы адамга ок чыгарган.

Жараат алган Л.Ш. ооруканага жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издөө иштерин жүргүзүүдө.

“Каза болгон жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

7-августта Бишкекте түнкү клубдардын бириндеги ок атышууга катышкан беш адамды милиция кармаган. Андан бир күн мурда Ош шаарында денесинин беш жерине ок тийген адам ооруканага түшкөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG