Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

Пашинян Баку менен тынчтык келишимине жетүүгө үмүтүн билдирди


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. Тбилиси. 25-октябрь, 2023-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. Тбилиси. 25-октябрь, 2023-жыл.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын айтымында, Ереван жакынкы айларда Баку менен тынчтык келишимине кол коюп, дипломатиялык алакаларды түзүүгө ниеттенет.

Пашинян бул тууралуу Грузиянын баш калаасы Тбилисидеги форумда билдирди. Ал ошондой эле Армения Түркия менен чек арасын ачууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

"Жакын арада үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына жана дипломаттык паспорттордун ээлерине армян-түрк чек арасын ачуу боюнча макулдашуулар болот деген үмүттөмүн. Бул дагы бүтүндөй чөлкөмгө жакшы стимул болот", - деди Пашинян.

Ондогон жылдан бери Баку менен Ереван жикчил Тоолуу Карабак аймагынын айынан жаңжалдашып келген. Баку 19-сентябрда Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берген. Эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюу тууралуу буйрукка кол койгон. Көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна даттанган.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Тбилисиде 26-октябрда The Tbilisi Silk Road Forum деген аталыштагы эки күндүк жыйын башталды. Ага 60тай өлкөдөн эки миңдей делегат катышып жатат.

XS
SM
MD
LG