Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

Адахан Мадумаровду сентябрь айында камакка алынган.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциядан билдиришти.

Буга чейин анын адвокаты Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырлышы керектигин билдирген.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленген.

Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген белги коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын маалымдаган. Мадумаров өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтып келет.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Дагы караңыз

УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирдиЛьюистондо куралчан адамдын кол салуусунан 20дан ашык адам мерт болду Эрдоган ХАМАСты "можахеддердин боштондук тобу" деп атады ЖК: Өмүрзаков "телефон террорчулары" тууралуу маселе көтөрдүЖер мунапысы: Бишкек мэри кызыл китеп берүүнү тездетүүнү тапшырды АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды