Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

ЖК: Өмүрзаков "телефон террорчулары" тууралуу маселе көтөрдү


Сүйүн Өмүрзаков.
Сүйүн Өмүрзаков.

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Бишкек шаарындагы билим берүү, соода жайларына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берип, жарандарды, күч органдарын убара кылып жаткандар тууралуу маселе көтөрдү. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жарылуучу зат жөнүндө жалган маалымат бергендерди аныктоо, жазалоого байланыштуу кандай иштер жасалганы жөнүндө маалымат берүүнү өтүндү. Ошондой эле "телефон террорчуларына" жаза күчөтүү зарыл болсо, буга байланыштуу мыйзам жазылышы керектигин билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) июль айында Бишкектеги мектептердин биринин 9-классынын А.А.А. аттуу окуучусу гимназиялардын бирине бомба коюлганы тууралуу бир канча жолу жалган маалымат берген деп шек саналып жатканын билдирди. Ага ылайык, өспүрүм ушул жылдын 28-29-март күндөрү бир канча жолу бомба тууралуу мектептин электрондук почтасына жалган билдирүү жөнөткөн. Ата-энесинин көзүнчө сурак берип жатып, күнөөсүн мойнуна алган.

Атайын кызмат мындай жалган маалымат тараткандарга бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына чегерүү, айып пул салуу же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскерткен.

Өткөн апталарда жана жаз айларында Бишкектеги бир катар мектептерге, окуу жайларга, соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратылган учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG