ШКУ: Жапаров үч өлкөнүн темир жол долбоору жөнүндө маселе көтөрдү

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча маселе көтөрдү.

“ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөт. Бул багытта “Кытай - Батыш Азия - Европа” маршруту боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн белгилегим келет”,- деди Жапаров.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоор белгисиз мөөнөткө токтоп калганы тууралуу маалыматтарды четке каккан. Ал 30-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде, анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин, каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирген.

Анын алдында айрым маалымат каражаттары каржылоонун айынан долбоорду ишке ашыруу токтоп калганын жазып чыккан.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жолун куруу тууралуу сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

ШКУ: Бишкек уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүүнү сунуштады Эрдоган ХАМАСты "можахеддердин боштондук тобу" деп атады УКМК Камчы Көлбаевдин дагы 15 асыл тукум аты табылганын билдирдиЖК: Өмүрзаков "телефон террорчулары" тууралуу маселе көтөрдүЛьюистондо куралчан адамдын кол салуусунан 20дан ашык адам мерт болду Жер мунапысы: Бишкек мэри кызыл китеп берүүнү тездетүүнү тапшырды АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды