Льюистондо куралчан адамдын кол салуусунан 20дан ашык адам мерт болду

Полиция жарыялаган кылмышка шектүүнүн сүрөтү.

АКШнын Мэн штатындагы Льюистон шаарында куралчан адамдын кол салуусунан кеминде 22 адам мерт болуп, 50дөн ашык тургун жараат алды.

Полициянын маалыматына караганда, ок чыгарган адам кармала элек, мындан улам аталган штаттагы экинчи чоң шаардын тургундарын этият, сак болууга, коопсуз жерден чыкпай турууга чакырды.

Полиция кылмышка шектүүнүн тек-жайы такталганын, ал 40 жаштагы Роберт Кард экенин билдирип, анын курал кармап турган сүрөтүн жарыялады.

Ок атылганы тууралуу полицияга Schemengees ресторанынан жана Sparetime Recreation боулинг-холлдон маалымат түшкөн. Эки жайдын ортосундагы аралык 6,5 чакырымды түзөт жана машина менен 10 мүнөттө жетсе болот.

Ак үй куралдуу кол салуу тууралуу порезидент Жо Байденге маалымат берилгенин, ал ыкчам маалыматтарды алып турганын ырастады.

Дагы караңыз

ЖК: Өмүрзаков "телефон террорчулары" тууралуу маселе көтөрдүЭрдоган ХАМАСты "можахеддердин боштондук тобу" деп атады Жер мунапысы: Бишкек мэри кызыл китеп берүүнү тездетүүнү тапшырды АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат ЖК: Коомдук кеңештерди жоюу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү