Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

ЖК: Коомдук кеңештерди жоюу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 25-октябрда мамлекеттик мекемелердин Коомдук кеңештерин жоюу каралган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Буга чейин тармактык комитеттин жыйынында юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов бул институт ашыкча экенин айткан.

"Коомдук кеңештердин мүчөлөрү демократиялык шайлоолордо тандалбайт. Бирок ага карабай алар коомдун башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу артыкчылыктуу орунга ээ болуп, чечимдерди кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бул жагдай мамлекеттик органдардын ачыктык, отчеттуулук деген принцибин бузат. Биз бул кеңештердин натыйжалуугу тууралуу дагы маселелер бар экенин белгилейбиз. Анткени алар конкреттүү сунуштарды киргизбейт. Жарандар мамлекеттик органдардын ишине коомдук талкуулар аркылуу катыша алат. Андан башка дагы жол-жоболор жетиштүү. Элдик курултай институту деле бар. Биз ушундан улам коомдук кеңеш институту ашыкча деп эсептейбиз",- деген Орозов.

Ушул жылы мартта аталган мыйзамдын долбоорун Коомдук кеңештердин мүчөлөрү талкуулаган. Анда бул институттун координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров жыйынга Юстиция министрлигинен жана өкмөттүн өкүлдөрү чакырылганы менен эч ким келбегенин “Азаттыкка” билдирген.

Коомдук кеңештер анын алдында президент Садыр Жапаровго да кайрылуу жолдоп, бул институт мамлекеттик мекемелердин ачык иштешине, коррупциянын жоюлушуна салым кошуп жатканын билдиришкен. Садыр Жапаров жана анын администрациясы анда комментарий берген эмес.

Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Демилгени жарандык коом жана ишкерлер колдоп, 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынган.

Байкоочу кеңештерге ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү эки жылга тандалат.

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кенеш бар.

XS
SM
MD
LG