Президент Жапаров тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди

Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди. Мамлекет башчы бул тууралуу 25-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде айтты.

Ал азыркы туу боюнча коомчулукта “күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекет өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келатат деген пикирлер айтылып келгенин” белгилеген.

"Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген", - деген президент.

Ал депутаттар туунун концепциясын алмаштырууну эмес, андагы күн нурларын гана өзгөртүп коюуну сунуштаганын белгиледи.

Өткөн айдын аягында Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган, тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени жазылган.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан. Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов мыйзам долбоорун сындап чыгышкан.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Анда желектеги күндүн нурун "күн карамага" окшоштургандар да бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” болорун айткан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Дагы караңыз

Ташкентте ичимдик сатпаган "халал" ресторандар жабылып жатат Орус парламенти Өзөктүк сыноого тыюу салган келишимди жокко чыгарууну колдоду Экономика министрлиги күйүүчү майдын баасы туруктуу деп билдирдиОрусия: Бастрыкин Украинадагы согушка баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылды