Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Экономика министрлиги күйүүчү майдын баасы туруктуу деп билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын жана дизелдин баасы туруктуу экенин билдирди. Министрлик 25-октябрда тараткан билдирүүдө учурда Дүйнөлүк мунай базарында күйүүчү май кымбат болуп жатканы айтылат.

“Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияны жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майларга (АИ-92 жана дизель майы) карата баа туруктуу бойдон калууда”, - деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө жылына болжол менен 1,4 миллион тонна күйүүчү май керектелет. Министрлик билдиргендей, Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан импорттогондуктан, анын баасы ушул фактордон көз каранды. Мындан тышкары күйүүчү майдын баасын мамлекет жөнгө сала албайт, ал суроо-талаптын негизинде аныкталат.

12-октябрда расмий сапары менен Бишкекке келген орус президенти Владимир Путин быйыл Орусиядан Кыргызстанга жөнөтүлүүчү бензиндин жана дизелдин көлөмү былтыркы жылдагыдай 1,2 млн. тонна болорун билдирген.

Бир жарым ай мурда Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттаган. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 61,9 сомдон 65 сомго, АИ-95 бензини 65-67 сомдон 70 сомго чыккан. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, АИ-92 бензини учурда 64,1 сомдон сатылып жатат.

Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизелди экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алып, бирок бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө таасир этпейт деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG