Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Ташкентте ичимдик сатпаган "халал" ресторандар жабылып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин бийлиги соңку жумада кардарларына ичимдик сатпаган он чакты “халал” ресторанды жапты. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу жабылган жайлардын кожоюндарына таянып жазды.

Ишкерлердин айтымында, алар спирт ичимдиктерин сата баштаганда гана ресторандарын ачууга уруксат берилери эскертилген.

Тинтүү маалында текшерүүчүлөр ресторанды жабууга негиз боло турган документтерди көрсөтө алышкан эмес. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү да жүйөлүү себеп келтире албаган.

“Санэпидемстанция ашкананы текшерген, салык инспекторлору-кассаны жана документтерди карашкан. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү намаз окуган бөлмөнү карап, жумушчулардын диний көз караштары тууралуу сурап, алтургай алардын уюлдук телефондорун текшерген”, - дейт жабылган ресторандардын биринин ээси.

Өзбекстанда соңку айларда диний экстремизмге каршы күрөш күч алды. Анын алкагында, коопсуздук күчтөрү диний адабияттарды, кийим-кечелерди саткан дүкөндөрү катуу көзөмөлгө алды. Ал эми дүкөн ээлерине арабча аталыштарын алмаштыруу сунушу берилген.

XS
SM
MD
LG