Муфтият ажыга барчуларды каттоо 9-ноябрда башталарын билдирди

Мусулмандардын Мекке калаасындагы ыйык жайы - Кааба.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы келерки жылы ажыга барчуларды каттоо 9-20-ноябрь күндөрү жүргүзүлөрүн билдирди жана анын эрежесин жарыяларды.

Ага ылайык, ажылык зыяратка баргысы келгендердин тизмеси талапкер муфтияттын аймактарындагы бөлүмдөрүнө келгенде (живая очередь) түзүлөт. Алар ID-картасын, эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.

"Талапкерлер эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөбөй туруп каттала албайт. Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ал эми 2023-жылы РСК банкына миң долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер дагы 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин калган миң долларды төлөшү керек. Эгер талапкер эки миң долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат",- деп жазылган маалыматта.

Келерки жылга Сауд Арабиясы ажылык сапарга Кыргызстанга канча орун бергени тууралуу азырынча маалымдала элек.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген жана 6110 квота бөлүнгөн.

Дагы караңыз

ЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды ЖК Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин биринчи окууда жактырды"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору биринчи окуудан талкуусуз өттүУКМК: улут аралык жаңжал чыгарып, каршылык көрсөткөндөр кармалды Парламентте жабылган мечиттерге байланыштуу маселе көтөрүлдүМирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү демилге-сунушун сынга алды Эмгек министрлиги Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу жобосун эскертти"Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт Газага гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди