Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Парламентте жабылган мечиттерге байланыштуу маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад, Ош облусундагы жабылган мечит-медреселерге байланыштуу маселе көтөрдү. Депутат Шайлообек Атазов учурда эки облуста жабылган мечиттердин саны 100дөн ашканын айтып, нааразылык жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Дагы бир депутат Жалолидин Нурбаев жабылган мечиттердин кемчиликтерин жоюуга жардам берилип, кайра ачылышы керектигин айтты.

"Айрым мечиттерде өрт өчүрүү жабдуулары жок болуп калган учурлар болот экен. Документтери бир аз чала болсо дагы жаап коюшуптур. Ишкана-мекемелерге тапшырма берсек. Айылдарда мечиттерде иштегендер аксакалдар да негизинен. Алар документация жагынан анча-мынча түшүнбөйт. Кемчиликтерди оңдогонго райондук администрация, айыл өкмөттөрү жардам берип койсо, болбосо мечиттердин жабылышы чоң көйгөй болуп калат",- деди Нурбаев.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда дин мамлекеттен ажыратылганын белгилеп, Дин иштери боюнча комиссия бар экенин айтты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган.

Кыргызстанда жалпысынан үч миңдей диний уюм каттоодон өткөн, алардын арасынан көпчүлүгү ислам багытында болсо, христиандык жайлардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG