Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

УКМК: улут аралык жаңжал чыгарып, каршылык көрсөткөндөр кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети өткөн айдын башында кайра ачылган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети өткөн айдын башында кайра ачылган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин жанында улут аралык жаңжал чыгарган, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эки адам кармалганын билдирди. Касташууга баргандар, катышкандар мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.

"23-октябрда "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар катышкан калайман мушташ болгон. Жаңжалдын улут аралык мүнөздөгү белгилери аныкталган. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келгенде жаңжал чыгаргандар чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркуткан. Чырга катышкан 1971-ж.т. И.Д.Э. аттуу жаран ошол күнү тергөөгө келүүдөн баш тарткан, кийинки күнү аны алып келүү учурунда анын туугандары каршылык көрсөтүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтирип, машинаны таш менен ургулаган. Бул фактыдан улам Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси ("бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү") менен иш козголуп, И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар кармалды. УКМК улут аралык чыр чыгаргандарга жана ага катышкандарга мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет", - деп жазылган маалыматта.

Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жердеги "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети өткөн айдын башында кайра ачылган. Бул бекет 2009-жылдан бери жабык турган.

Сузактын жашоочулары буга чейин да бийликке кайрылып, "Бек-Абад" өткөрмө бекетин ачууну суранып келген. Алар өткөрмө бекет ачылса, Жалал-Абад-Ош багытындагы жол кыскара турганын, бул жергиликтүүлөр үчүн зарыл экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG