ЖК Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин биринчи окууда жактырды

Фонд түзүү тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз жыйынында кабыл алынган. 16-март. Анкара.

Жогорку Кеңеш 25-октябрда "Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, аны кабыл алды.

Мунун алдында парламенттин тармактык комитети бул документти жактырган. Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр фондго бирдей каражат бөлөрүн, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын маалымдаган.

"Фонддун уставдык капиталы 350 миллион доллар болот. Ар бир тарап уставдык капиталды бирдей өлчөмдө - 70 миллион доллардан төлөйт. Капиталды берүү үч жылдын ичинде бир канча транш менен ишке ашат. Бул фонддун максаты экономиканы өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, орто бизнес долбоорлорун каржылоо. Ошол эле учурда фонд аймактык долбоорлорго жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдеген долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат. Фонддун директорлор кеңешине ар бир өлкөдөн өкүлдөр кирет. Фонддун башкы кеңсеси жайгашкан жер болуп Стамбул шаары аныкталган",- деген Абдрахманов.

Өкмөт өкүлү фондго акча бөлүү маселеси келерки жылдын бюджетинде каралганын, ага ылайык биринчи транш менен беш миллион доллар берилерин кошумчалады.

Түрк инвестициялык фондун түзүү тууралуу келишимге 16-мартта Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун cаммитинин кезексиз жыйынында кол койюлган. Ага уюмга мүчө Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын президенттери жана байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы катышкан.

Дагы караңыз

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору биринчи окуудан талкуусуз өттүЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды УКМК: улут аралык жаңжал чыгарып, каршылык көрсөткөндөр кармалды Парламентте жабылган мечиттерге байланыштуу маселе көтөрүлдүМирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү демилге-сунушун сынга алды Эмгек министрлиги Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу жобосун эскертти"Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт Газага гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди