Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда

Акциянын жүрүшү тартылган видеодон алынган сүрөт.

24-октябрда Нарын шаарынын борборунда базарда соода кылган ишкерлер салыктык талаптарга каршы акцияга чыгышты. Социалдык тармакка чыккан видеодон акцияга жүздөй ишкер чыкканын көрүүгө болот. Алар Салык кызматы патент системасын калтырууну жана ККМ-аппараттарды жокко чыгарууну талап кылышты.

“Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу болчу,” – деди акцияга чыккандардын бири Умбеталы Базаркулов.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов нааразылыкка чыккандар менен жолугуп, алардын талаптарын укканын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Соодагерлер Министрлер кабинетине кайрылуу жолдогону белгилүү болду.

13-октябрда Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылы соода ишмердиги үчүн патент системасы жокко чыгарыларын эскертип, бул тармакта иштегендер башка ыкманы тандашы керектигин билдирген.

Мекеме соодагерлер патенттин ордуна жалпы салыктык режимди же атайын салыктык режимди тандап, ошонун негизинде иш алып барышы керектигин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги соңку товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

Дагы караңыз

Израил Газада ХАМАСтын 400дөн ашуун жайына сокку урдуФранцияда чечен, ингуш тектүү өспүрүмдөр теракт пландоого шек саналып кармалдыСевастополдо Москва дайындаган бийлик Украина “диверсиялык чабуул” койгонун билдирди Ошто кыйноо иши боюнча облустук сотко арыз берилди