Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:21

Севастополдо Москва дайындаган бийлик Украина “диверсиялык чабуул” койгонун билдирди


Севастополь порту. Украина. Иллюстрациялык сүрөт
Севастополь порту. Украина. Иллюстрациялык сүрөт

Севастополдун Москва дайындаган губернатору Украина “суу астынан диверсиялык чабуул” койгонун билдирди. Михаил Развожаевдин айтымында, Орусиянын Кара деңиз флоту 24-октябрда таң эрте чабуулга туруштук берүүгө катышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин редакциясы кабарлады. Орусия 2014-жылы Севастополь жайгашкан Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алган.

Орус Коргоо министрлиги “диверсияларга каршы ракеталар менен бомбалар (украиналык) пилотсуз катерлер аныкталган районго тийгенин” билдирди.

Киев бул маалыматтарды комментарийлеген жок. Аларды көз карандысыз булактардан тастыктоо да мүмкүн эмес. Жабыркагандар барбы же жокпу белгисиз.

Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Аба аскерлери Хмельницкий, Винницк жана Николаев облустарына урулган бардык алты «Шахед» дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде эки башка форумда видео байланыш аркылуу сөз сүйлөгөнү жатат. Прагада Крым платформасынын жыйынына чех премьери Петр Фиала жана украин парламентинин спикери Руслан Стефанчук катышмакчы.

Зеленский Украина-Германия бизнес-форумуна да онлайн кайрылуу жасайт. Ал жыйынга немис канцлери Олаф Шольц менен украин өкмөт башчысы Денис Шмыгаль катышат.

Украина президенти 20 айдан бери Москванын агрессиясына туруштук берип келаткан өлкөсүнө болгон колдоонун токтоп калбашы үчүн аракет көрүүдө.

XS
SM
MD
LG