Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Израил Газада ХАМАСтын 400дөн ашуун жайына сокку урду


Хан-Юнис түнкү чабуулдан кийин. 24-октябрь, 2023-жыл
Хан-Юнис түнкү чабуулдан кийин. 24-октябрь, 2023-жыл

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ жоочулардын барымтасындагы эки туткундун бошотулушуна карабай Газаны мурдагыдай эле бомбалай берерин билдирди. Башкы штабдын командачысы Херци Ха-Леви ХАМАС толугу менен зыянсыздандырылууга тийиш деп эскертти.

ЦАХАЛдын шейшемби күну эртең менен тараткан маалыматына ылайык, радикал топтун Газа секторундагы 400дөн ашуун жайына сокку урулду, натыйжада бир топ жоочу жана бир нече кол башчылары набыт болду. Израиль армиясы шиийлердин иранчыл «Хезболла» тобунун Ливандагы объектилерин да бутага алды.

Би-Би-Синин кабарчысы Рушди Абу Алуф шейшембиге караган түнү израилдиктер Газанын түндүгүндөгү Хан-Юнис шаарына сокку урганын билдирди. Израилдин аскерлери жердеги операцияга даярдык көрүп, түндүк тараптагы бир миллиондон ашык тургунга дал ошол аймакка көчүүнү айткан.

ХАМАС көзөмөлдогөн сектордун Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин операциясы башталгандан бери Газада 5 минден ашуун киши каза тапканын кабарлады. 7-октябрда палестиналык согушкерлер Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы жооп иретинде тилкени блокадага алып, ХАМАСка каршы согуш жарыялаган. Израил тараптан 1400дөй киши мүрт кеткен, ондогон киши барымтага алынган.

Америкалык The New York Times гезити жазгандай, Израилде ХАМАСты жок кылуунун так планы жок. Андан тышкары уруш аяктагандан кийин Газанын тагдыры кандай болорун да билишпейт.

XS
SM
MD
LG