Бишкек - Ош кан жолунун 81-чакырымында (Сосновка - Төө-Ашуу) жүк ташыган машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы учурда жол тазаланып, инерттик материалдар себилип жатканын кабарлады. Ошондой эле ашуу ашкан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга ооштуруп алып жолго чыгууга чакырды.
Буга чейин аталган ишкана Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда каттамга чектөө жоктугун, жолчулардын күзөтү уюштурулганын кабарлаган.
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жааганын, ал жакта дагы күзөт уюштурулганын билдирген.
Бишкек - Ош жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жааган. Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болгонун маалымдаган. Учурда жолдор ачык, каттамга чектөө жок.
Дагы караңыз
ХАМАС барымтадагы эки улгайган аялды кое бердиКамбар-Ата-1 ГЭСин курууга быйыл бюджеттен 817 миллион сом бөлүнгөнЫсык-Көлдөн март айынан бери 22,5 миңдей тонна таштанды чыгарылды ЖКнын комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин жактырды